Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча план суроо жөнүндө

16-июнь  2026-жыл                                                                                                                                                              Дөбөлү  айылы

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХIХ-чакырылышынын кезексиз   25-сессиясынын

№25/3  Токтому

Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча план суроо  жөнүндө

 

          Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А. Абдыкадыровдун 2026-жылдын бюджетинин аткарылышы жана киреше салыгы боюнча бекитилген пландын ашыгы менен аткарылып жаткандыгы тууралуу баяндамасын угуп жана талкуулап Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнүн киреше салыгына бекитилген пландык көрсөткүчтөрү толугу менен аткарылгандыгы эске алынсын.
  1. Жыл аягына чейин киреше салыгынан 7390,0 миң (жети миллион үч жүз токсон миң) сом өлчөмүндө каражаттын түшүүсү күтүлүп жаткандыгына байланыштуу, Нарын райондук финансы башкармалыгынан тиешелүү тартипте кошумча план суралсын.
  1. Кошумча пландын эсебинен түшүүчү каражаттарды айыл аймагынын социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө жана инфраструктураны жакшыртууга багыттоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу Дөбөлү айыл өкмөтүн тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                 Б. Шералиев

 

Жооп калтыруу