14-июль 2026-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезектүү 26-сессиясынын
№26/7 Токтому
Долбоордук өтүнмөнү бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын инфратүзүмдүк деңгээлин жогорулатуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү жакшыртуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш айылындагы “Аруу-Тилек” балдар бакчасына жалпы сметалык наркы 5 573 667 (беш миллион беш жүз жетимиш үч миң алты жүз алтымыш жети) сомду түзгөн Дөбөлү айыл аймагынын “Кеңеш айылындагы “Аруу-Тилек” балдар бакчасына күн энергиясы системасын жана аба-жылуулук насосторун орнотуу” долбоору жактырылсын.
- Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында 3 573 677 (үч миллион беш жүз жетимиш үч миң алты жүз алтымыш жети) сом каражаты Нарын райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджеттинен 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражаты каралсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев

