Дөбөлү айыл аймагынын 2026-жылга жергиликтүү бюджетине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык кошумча чыгашаларды бекитүү жөнүндө

14-июль  2026-жыл                                                                                                                         Дөбөлү  айылы

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

ХХIХ-чакырылышынын кезектүү   26-сессиясынын

№26/1 Токтому

 

Дөбөлү айыл аймагынын 2026-жылга жергиликтүү бюджетине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык кошумча чыгашаларды бекитүү жөнүндө

 

                Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Дөбөлү айыл аймагынын 2026-жылга жергиликтүү бюджетине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык каралган 7390,0 миң сом өлчөмүндөгү кошумча бюджеттик каражатты айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын жана биринчи кезектеги муктаждыктарын каржылоого бөлүштүрүү максатында, Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын 2026-жылга жергиликтүү бюджетине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык каралган 7 390,0 миң сом өлчөмүндөгү кошумча бюджеттик каражат төмөнкүдөй багыттар боюнча бөлүштүрүлсүн:
Мазмуну Суммасы (миң сом)
1 Таш-Башат жана Кайыңды айылдары боюнча топографиялык сүрөткө тартуу (топосъёмка) иштерине 688,3
2 Кайыңды айылынын башкы планын (генпланын) иштеп чыгууну аяктоого 537,0
3 Архитектура кызматына болгон карызды төлөөгө 275,6
4 Долбоордук-сметалык документацияларды (ПСД), техникалык шарттарды (ТУ), мамлекеттик актыларды жана башка документтерди даярдоого 1 682,2
5 Муниципалдык менчиктеги техникаларды баалоо иштерине 200,0
6 Жарандык коргонуу иш-чаралары үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга 100,0
7 Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр ташууга кошумча каражат катары 15,4
8 Социалдык объектилерге көмүр сатып алууга кошумча каражат катары 196,5
9 «Ак-Бел» муниципалдык ишканасына субсидия берүүгө 1 000,0
10 Кайыңды жана Дөбөлү айылдарынын жаңы конуштарынын ички көчөлөрүнө шагыл төшөөгө 490,0
11 Айыл өкмөтүнүн башкаруу аппараты үчүн компьютердик жабдууларды сатып алууга 300,0
12 Айыл аймагындагы 7 айыл үчүн жарандык коргонууга генераторлорду сатып алууга 350,0
13 Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында видеокөзөмөл камераларын сатып алууга 150,0
14 Тамды-Суу айылдык клубун капиталдык оңдоого 275,0
15 Дөбөлү айылдык клубунун от казанын оңдоого жана насосту алмаштырууга 60,0
16 Таш-Башат айылдык клубунун от казанын алмаштырууга 160,0
17 Дөбөлү айылдык клубуна музыкалык жабдууларды сатып алууга 147,0
18 Кеңеш айылдык клубуна музыкалык жабдууларды сатып алууга 103,0
19 Алыш орто мектебинин от казанын алмаштырууга 450,0
20 Айыл аймагындагы 7 бала бакчанын негизги муктаждыктарын чечүүгө, ар бирине 30,0 миң сомдон 210,0

 

Жалпысы: 7390,0 миң сом.

 

  1. Ушул токтомдо каралган каражаттарды белгиленген багыттар боюнча каржылоо жана которуу иштерин мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүү Дөбөлү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Дөбөлү айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                                                                         Б. Шералиев

 

Жооп калтыруу