Долбоордук өтүнмөнү бекитүү жөнүндө

14-июль  2026-жыл                                                                                                                                     Дөбөлү  айылы

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХIХ-чакырылышынын кезектүү   26-сессиясынын

№26/4  Токтому

Долбоордук өтүнмөнү бекитүү  жөнүндө

 

             Дөбөлү айыл аймагынын инфратүзүмдүк деңгээлин жогорулатуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү жакшыртуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү жалпы сметалык наркы 1 780 000 (бир миллион жети жүз сексен миң) сомду түзгөн “Дөбөлү айыл аймагынын “Кур-Сай, Куу-Дөңгөч, Төө-Жайлоо, Бурган-Суу жана Кайыңды каналдарынын башына  суу бөлүштүрүүчү курулмаларды орнотуу үчүн курулуш материалдарын жана технологиялык жабдууларды сатып алуу” долбоору жактырылсын.

 

  1. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында 1 780 000 (бир миллион жети жүз сексен миң) сом каражаты Нарын райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                                   Б. Шералиев

 

Жооп калтыруу