Бүгүн Дөбөлү айыл аймагында 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурулду.

Иш-чарага айылдык маданият үйүнүн кызматкерлери активдүү катышып, балдарга майрамдык маанай тартуулашты. Майрамдын жүрүшүндө балдар үчүн кызыктуу оюн-зооктор уюштурулуп, бал муздак жана ар кандай кызыктыруучу белектер таратылып берилди. Иш-чаранын өткөрүлүшүнө жеке ишкер Абдыкасымов Асанбек, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана маданият кызматкерлери демөөрчүлүк көрсөтүп, балдардын кубанычына себепчи болду. Мындай иш-чаралар өспүрүмдөргө көңүл буруп,…

Читать далее…

Дөбөлү айыл аймагындагы бардык мектептерде “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чарасы жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басарлары жана Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү катышып, бүтүрүүчүлөргө жана окуучуларга ак жол каалашты. Салтанаттын жүрүшүндө окууда өзгөчө жетишкендиктерди көрсөткөн алдынкы окуучуларга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин стипендиялары тапшырылды. Мындан сырткары, 2025–2026-окуу жылында билим берүү, коомдук иштер жана ар тараптуу жетишкендиктери үчүн бир катар мугалимдер, окуучулар жана кызматкерлер Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жана Дөбөлү айылдык Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланышты. Иш-чара майрамдык маанайда өтүп, окуучулар тарабынан концерттик программалар тартууланып, бүтүрүүчүлөргө ак тилектер айтылды.

Читать далее…

Дөбөлү айыл аймагынын Таш-Башат-Кайыңды, Алыш, Тамды-Суу, Эки-Нарын жана Кеңеш айылдарында “Энелер күнүнө” арналган майрамдык иш-чаралар салтанаттуу түрдө уюштурулуп өткөрүлдү. Майрамдык иш-чараларда энелерге болгон терең урмат-сый көрсөтүлүп, алардын үй-бүлөдөгү жана коомдогу орду өзгөчө даңазаланды. Айыл тургундарынын катышуусунда концерттик программалар тартууланып, ыр-бийлер жаңырып, энелерге арналган жылуу каалоо-тилектер айтылды. Бул иш-чараларды өткөрүүгө айыл башчылар, маданият кызматкерлери жана жергиликтүү кеңештин депутаттары чоң колдоо көрсөтүп, уюштуруу иштерине активдүү катышышты. Ар бир айылда энелерге сый тамак уюштурулуп, майрамдык маанай тартууланды. Ошондой эле майрамдын урматына энелерге белектер тапшырылып, алардын көп жылдык мээнети жана үй-бүлө, коом үчүн кошкон салымы жогору бааланды. Энелерге арналган мындай саамалык айыл тургундарынын ынтымагын бекемдеп, улуу муунга болгон сый-урматты даңазалаган маанилүү маданий иш-чара катары эсте калды.

Читать далее…

Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Кайып Калназаров атындагы Дөбөлү айылдык тарыхый этнографиялык музейинде Эл аралык музейлер күнүнө карата “Салттуу сайма -дүйнөсү ” аттуу иш чара болуп өттү. Иш чарага район жетекчилери жана облустук музей жамааты, айылдын уз апалары жана жаш муундары катышып, унутта калып бараткан сайма өнөрү боюнча мастер класс көрсөтүштү. Катышкан уз айымдарга ыраазычылык кат жана музей башчысы С. Урбаева тарабынан акчалай жана кызыктыруучу белектер берилди.

Читать далее…

Бүгүн Дөбөлү айыл өкмөтүндө айыл чарба каттоосуна расмий старт берилди. Иш-чарага Нарын районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Каримов Залкарбек Абдурасулович, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы Кудайбергенов Камчыбек Кадыркулович жана Нарын райондук статистика башкармалыгынын башчысы Мамбетов Азамат Сүйүндүкович катышышты Дөбөлү айыл аймагынын жарандарына кайрылуу жасалды. 📢 Урматтуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн тургундары! Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы №122 токтомуна ылайык, өлкө боюнча айыл чарбасын каттоо иштери башталды. 📅 Каттоо мөөнөтү: 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин. 🌾 Каттоонун максаты: — айыл чарба боюнча так маалыматтарды алуу — мамлекеттик колдоону туура багыттоо — дыйкан-фермерлерди колдоо жана өнүктүрүү 📊 Каттоодо төмөнкү маалыматтар камтылат: — жер жана анын пайдаланылышы — мал чарбасы — айыл чарба өсүмдүктөрү — техникалар 🤝 Урматтуу тургундар! Каттоочулар барганда так маалымат берип, кызматташууга чакырабыз. Бул келечектеги өнүгүү үчүн маанилүү кадам!

Читать далее…

14-февраль Эл аралык китеп белекке беруу күнүнө карата Дөбөлү айылдык Чынгыз Айтматов атындагы китепканасында “Китеп адамды, адам дүйнөнү өзгөртөт” аталышындагы иш-чара болуп өттү.

14-февраль Эл аралык китеп белекке беруу күнүнө карата Дөбөлү айылдык Чынгыз Айтматов атындагы китепканасында “Китеп адамды, адам дүйнөнү өзгөртөт” аталышындагы иш-чара болуп өттү. Иш-чарада окурмандар Назарова Гүлгаакы, Муталип уулу Бакытбек, Асылбекова Аманбүбү тарабынан китепканага китептер белекке берилди. Китеп берүү күнүнүн тарыхы, китеп окуунун пайдасы тууралуу айтылып, китеп окууга болгон көз…

Читать далее…