14-февраль Эл аралык китеп белекке беруу күнүнө карата Дөбөлү айылдык Чынгыз Айтматов атындагы китепканасында “Китеп адамды, адам дүйнөнү өзгөртөт” аталышындагы иш-чара болуп өттү. Иш-чарада окурмандар Назарова Гүлгаакы, Муталип уулу Бакытбек, Асылбекова Аманбүбү тарабынан китепканага китептер белекке берилди. Китеп берүү күнүнүн тарыхы, китеп окуунун пайдасы тууралуу айтылып, китеп окууга болгон көз караш, китеп окуу маданияты боюнча талкуу болуп өттү жана катышуучуларга тест сунушталды.”Жаш толкун” комузчулар ансамбли тарабынан Нурак Абдырахмановдун “Алтын балалык” күүсү тартууланып, маданият кызматкерлери тарабынан обондуу ырлар ырдалды. Айыл өкмөт кызматкерлери, маданият кызматкерлери, окурмандар катышышты.

Сайттын рубрикасы
Сайттан издөө
-
Акыркы материалдар
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2027–2028–2029-жылдарга карата бюджетинин жана атайын каражаттарынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун жактыруу жөнүндө
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 токтомунун аткарылышын камсыздоо жөнүндө
- Эки-Нарын айылындагы «Чырпыкты» участкасындагы 67 га сугат жерди суу менен камсыз кылуучу 2 км узундуктагы эски каналды Нарын райондук суу чарба мекемесинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
- Долбоордук өтүнмөнү бекитүү жөнүндө
- Жеке менчик жер тилкесинде жайгашкан трансформаторду муниципалдык менчик жер тилкесине көчүрүү жөнүндө
Жаңылыктар календары
Пайдалуу шилтемелер
Материалдар архиви
