Дөбөлү айыл аймагындагы бардык мектептерде “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чарасы жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басарлары жана Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү катышып, бүтүрүүчүлөргө жана окуучуларга ак жол каалашты. Салтанаттын жүрүшүндө окууда өзгөчө жетишкендиктерди көрсөткөн алдынкы окуучуларга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин стипендиялары тапшырылды. Мындан сырткары, 2025–2026-окуу жылында билим берүү, коомдук иштер жана ар тараптуу жетишкендиктери үчүн бир катар мугалимдер, окуучулар жана кызматкерлер Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жана Дөбөлү айылдык Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланышты. Иш-чара майрамдык маанайда өтүп, окуучулар тарабынан концерттик программалар тартууланып, бүтүрүүчүлөргө ак тилектер айтылды.

Жооп калтыруу