Сайттын рубрикасы
Сайттан издөө
-
Акыркы материалдар
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновдун тапшырмасынын негизинде «Ак-Бел» муниципалдык ишканасы тарабынан айыл аймакка караштуу жайыт жолдорун оңдоо жана түздөө иштери жүргүзүлдү.
- Бүгүн Дөбөлү айыл аймагында 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурулду.
- Дөбөлү айыл аймагындагы бардык мектептерде “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чарасы жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басарлары жана Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү катышып, бүтүрүүчүлөргө жана окуучуларга ак жол каалашты. Салтанаттын жүрүшүндө окууда өзгөчө жетишкендиктерди көрсөткөн алдынкы окуучуларга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин стипендиялары тапшырылды. Мындан сырткары, 2025–2026-окуу жылында билим берүү, коомдук иштер жана ар тараптуу жетишкендиктери үчүн бир катар мугалимдер, окуучулар жана кызматкерлер Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жана Дөбөлү айылдык Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланышты. Иш-чара майрамдык маанайда өтүп, окуучулар тарабынан концерттик программалар тартууланып, бүтүрүүчүлөргө ак тилектер айтылды.
- Дөбөлү айыл аймагынын Таш-Башат-Кайыңды, Алыш, Тамды-Суу, Эки-Нарын жана Кеңеш айылдарында “Энелер күнүнө” арналган майрамдык иш-чаралар салтанаттуу түрдө уюштурулуп өткөрүлдү. Майрамдык иш-чараларда энелерге болгон терең урмат-сый көрсөтүлүп, алардын үй-бүлөдөгү жана коомдогу орду өзгөчө даңазаланды. Айыл тургундарынын катышуусунда концерттик программалар тартууланып, ыр-бийлер жаңырып, энелерге арналган жылуу каалоо-тилектер айтылды. Бул иш-чараларды өткөрүүгө айыл башчылар, маданият кызматкерлери жана жергиликтүү кеңештин депутаттары чоң колдоо көрсөтүп, уюштуруу иштерине активдүү катышышты. Ар бир айылда энелерге сый тамак уюштурулуп, майрамдык маанай тартууланды. Ошондой эле майрамдын урматына энелерге белектер тапшырылып, алардын көп жылдык мээнети жана үй-бүлө, коом үчүн кошкон салымы жогору бааланды. Энелерге арналган мындай саамалык айыл тургундарынын ынтымагын бекемдеп, улуу муунга болгон сый-урматты даңазалаган маанилүү маданий иш-чара катары эсте калды.
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Кайып Калназаров атындагы Дөбөлү айылдык тарыхый этнографиялык музейинде Эл аралык музейлер күнүнө карата “Салттуу сайма -дүйнөсү ” аттуу иш чара болуп өттү. Иш чарага район жетекчилери жана облустук музей жамааты, айылдын уз апалары жана жаш муундары катышып, унутта калып бараткан сайма өнөрү боюнча мастер класс көрсөтүштү. Катышкан уз айымдарга ыраазычылык кат жана музей башчысы С. Урбаева тарабынан акчалай жана кызыктыруучу белектер берилди.
Жаңылыктар календары
Пайдалуу шилтемелер
Материалдар архиви
