Иш-чарага айылдык маданият үйүнүн кызматкерлери активдүү катышып, балдарга майрамдык маанай тартуулашты.Майрамдын жүрүшүндө балдар үчүн кызыктуу оюн-зооктор уюштурулуп, бал муздак жана ар кандай кызыктыруучу белектер таратылып берилди. Иш-чаранын өткөрүлүшүнө жеке ишкер Абдыкасымов Асанбек, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана маданият кызматкерлери демөөрчүлүк көрсөтүп, балдардын кубанычына себепчи болду.
Мындай иш-чаралар өспүрүмдөргө көңүл буруп, алардын жүзүнө жылмаюу тартуулоо менен бирге коомчулуктун биримдигин жана балдарга болгон камкордукту даңазалайт.
