Аталган иштердин негизги максаты — малчылардын жайыттарга коопсуз жана тоскоолдуксуз каттоосун камсыз кылуу, ошондой эле жайыттарды пайдалануунун шарттарын жакшыртуу болуп саналат. Аткарылган иштердин жүрүшүндө бузулган жана жараксыз абалга келген жол тилкелери атайын техникалардын жардамы менен тегизделип, кеңейтүү жана түздөө жумуштары жүргүзүлдү. Мындан сырткары суу жеп кеткен жана өтүүгө кыйын болгон айрым участоктор калыбына келтирилип, жолдордун сапатын жакшыртуу боюнча тиешелүү иштер аткарылды.
Жайыт жолдорунун оңдолушу малчылардын жана жергиликтүү тургундардын убактысын үнөмдөөгө, транспорт каражаттарынын эркин жүрүүсүнө жана жайыттарды натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзөт.
Дөбөлү айыл өкмөтү тарабынан алдыда да айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу, жайыттарды натыйжалуу пайдалануу жана калкка ыңгайлуу шарттарды түзүү багытындагы иштер улантылмакчы.





