18-май 2026-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 24-сессиясынын
№24/1 Токтому
Долбоордук өтүнмөнү бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын инфратүзүмдүк деңгээлин жогорулатуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү жакшыртуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү жалпы сметалык наркы 420 000 (төрт жүз жыйырма миң) сомду түзгөн “Дөбөлү айыл аймагынын Орук-Там айылындагы “Орук-Там келечеги” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин балдар аянтчасына оюн инвентарларын сатып алуу долбоору жактырылсын.
- Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында 420 000 (төрт жүз жыйырма миң) сом каражаты Нарын райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев

