Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансында турган окуучуларды ташуучу микро автобусту баланстан чыгаруу жөнүндө

 

24-август  2026-жыл                                                                                                                Дөбөлү  айылы

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

ХХIХ-чакырылышынын кезектүү   27-сессиясынын

№27/5 Токтому

 

 Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансында турган окуучуларды ташуучу микро автобусту баланстан чыгаруу  жөнүндө 

 

           Дөбөлү айыл аймагынын Алыш жалпы билим берүү мектебинин окуучуларын ташыган микро автобусунун эскилиги жетип айдоого жараксыз болгондуктан баланстан чыгаруу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансында турган окуучуларды ташуучу Даймлер-Бенц 207D маркасындагы микро автобусу айдоого жараксыз абалда болгондуктан  Дөбөлү айыл өкмөтүнүн балансынан чыгарууга макулдук берилсин.

 

  1. Даймлер-Бенц 207D маркасындагы микро автобустун мамлекеттик номери 1801 NA, жеке номери WDB 50136710768361, чыгарылган жылы 1986-жыл, кузовдун номери WDB 60136710798361, түсү ачык күрөн (оранжевый).  

 

  1. Даймлер-Бенц 207D маркасындагы микро автобусту баланстан чыгаруу боюнча иш алып баруу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы А. Абдыкадыровго милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                          Б. Шералиев

Жооп калтыруу