Дөбөлү айыл аймагынын Эки-Нарын айылындагы ФАПтын жылытуу системасы жөнүндө

 

24-август  2026-жыл                                                                                                                          Дөбөлү  айылы

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

ХХIХ-чакырылышынын кезектүү   27-сессиясынын

№27/7 Токтому

 

Дөбөлү айыл аймагынын Эки-Нарын айылындагы ФАПтын жылытуу системасы  жөнүндө

 

           Эки-Нарын айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, медициналык кызматкерлер жана калк үчүн тийиштүү шарттарды түзүү, күз-кыш мезгилинде имаратты талаптагыдай жылытуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын тиешелүү беренелерине ылайык,   Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын Эки-Нарын айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) имаратына жылытуу системасын орнотууга макулдук берилсин.

 

  1. Жылытуу системасын орнотуу боюнча тиешелүү иштерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруу жана жүргүзүү Дөбөлү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

  1. Жылытуу системасын орнотуу иштеринде коопсуздук талаптары, техникалык ченемдер жана санитардык нормалар толук сакталсын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                             Б. Шералиев

Жооп калтыруу