Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш айылындагы муниципалдык менчикте турган жер тилкесине жаңы фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) курууга макулдук берүү жөнүндө

 

24-август  2026-жыл                                                                                                                         Дөбөлү  айылы

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХIХ-чакырылышынын кезектүү   27-сессиясынын

№27/4 Токтому

 

Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш айылындагы муниципалдык менчикте турган жер тилкесине жаңы фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) курууга макулдук берүү жөнүндө

 

         Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-бөлүгүнө, 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 39-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы №149 Жер кодексинин 5, 23, 24, 27 жана 30-беренелерине ылайык, Кеңеш айылындагы калкты медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу шарттарын жакшыртуу, айыл тургундарына медициналык жардам көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш айылында жайгашкан, муниципалдык менчикте турган, кадастрдык номери № 4-05-08-1003-0198 жер тилкесине жаңы фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) курууга макулдук берилсин.

 

  1. ФАП куруу үчүн көрсөтүлгөн жер тилкесин пайдалануу анын укуктук статусуна, жердин максаттуу багытына, шаар куруу жана жер мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.

 

  1. ФАП курууга байланыштуу долбоорлоо, куруу жана пайдаланууга берүү иштери Кыргыз Республикасынын жер, шаар куруу, санитардык-эпидемиологиялык, өрт коопсуздугу жана башка тиешелүү мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.

 

  1. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинин муниципалдык менчик статусун сактоо менен ФАП курулуп бүткөндөн кийин объект Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү мекеменин балансына өткөрүлүп берилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                          Б. Шералиев

Жооп калтыруу