Тамды-Суу айылынын жашоочуларынын кайрылуусун кароо жөнүндө

 

24-август  2026-жыл                                                                                                                    Дөбөлү  айылы

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХIХ-чакырылышынын кезектүү   27-сессиясынын

№27/3 Токтому

 

 Тамды-Суу айылынын жашоочуларынын кайрылуусун кароо жөнүндө 

 

        Тамды-Суу айылынын жашоочуларынын “Кызыл-Кашаа” кыштоосунда жайгашкан мал дарылоочу расколду Тамды-Суу айылына көчүрүп берүү жана мектепке баруучу башталгыч класстын окуучуларын, ошондой эле бала бакчага баруучу балдарды ташуу үчүн транспорт каражаты менен камсыз кылуу жөнүндө кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамынын негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын Тамды-Суу айылынын жашоочуларынын “Кызыл-Кашаа” кыштоосунда жайгашкан мал дарылоочу расколду Тамды-Суу айылына көчүрүп берүү жөнүндө кайрылуусу канааттандырылбасын.

 

  1. “Кызыл-Кашаа” кыштоосундагы мал дарылоочу раскол АРИС аркылуу ишке ашырылган долбоордун алкагында курулгандыгын жана объект долбоордо белгиленген максатта пайдаланууга арналгандыгын эске алуу менен, аны башка жерге көчүрүүгө жол берилбесин.

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө Тамды-Суу айылынан мектепке баруучу башталгыч класстын окуучуларын жана бала бакчага баруучу балдарды ташуу маселесин чечүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                         Б. Шералиев

Жооп калтыруу