18-май 2026-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 24-сессиясынын
№24/2 Токтому
Долбоордук өтүнмөнү бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын инфратүзүмдүк деңгээлин жогорулатуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү жакшыртуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү жалпы сметалык наркы 406 030 (төрт жүз алты миң отуз) сомду түзгөн “Дөбөлү айыл аймагынын Орук-Там айылындагы А. Алсеитов жалпы билим берүү мектебине “Жашыл бурч” уюштуруу долбоору жактырылсын.
- Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында 388 550 (үч жүз сексен сегиз миң беш жүз элүү) сом каражаты Нарын райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджеттинен 17 485 (он жети миң төрт жүз сексен беш) сом акча каражаты каралсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев

