16-июнь 2026-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясынын
№25/1 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын “Сейил-Булак” участкасын күн чырак менен жарыктандыруу жана балдар аянтчасын уюштуруу жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын инфратүзүмдүк деңгээлин жогорулатуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү жакшыртуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү жалпы сметалык наркы 1 000 000 (бир миллион) сомду түзгөн “Дөбөлү айыл аймагынын Сейил-Булак участкасы үчүн күн чырактарын жана балдар аянтчасынын жабдууларын сатып алуу” долбоору жактырылсын.
- Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында 1 000 000 (бир миллион) сом каражаты Нарын облустук “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондунан суралсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев

