16-июнь 2026-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясынын
№25/3 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча план суроо жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А. Абдыкадыровдун 2026-жылдын бюджетинин аткарылышы жана киреше салыгы боюнча бекитилген пландын ашыгы менен аткарылып жаткандыгы тууралуу баяндамасын угуп жана талкуулап Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнүн киреше салыгына бекитилген пландык көрсөткүчтөрү толугу менен аткарылгандыгы эске алынсын.
- Жыл аягына чейин киреше салыгынан 7390,0 миң (жети миллион үч жүз токсон миң) сом өлчөмүндө каражаттын түшүүсү күтүлүп жаткандыгына байланыштуу, Нарын райондук финансы башкармалыгынан тиешелүү тартипте кошумча план суралсын.
- Кошумча пландын эсебинен түшүүчү каражаттарды айыл аймагынын социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө жана инфраструктураны жакшыртууга багыттоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу Дөбөлү айыл өкмөтүн тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев

