Долбоордук өтүнмөнү бекитүү жөнүндө

18-май  2026-жыл                                                                                                                                   Дөбөлү  айылы

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХIХ-чакырылышынын кезексиз   24-сессиясынын

№24/3  Токтому

Долбоордук өтүнмөнү бекитүү  жөнүндө

 

Дөбөлү айыл аймагынын инфратүзүмдүк деңгээлин жогорулатуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү жакшыртуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү жалпы сметалык наркы 4 840 000 (төрт миллион сегиз жүз кырк миң) сомду түзгөн “Дөбөлү айыл аймагына “Шахман” үлгүсүндөгү катуу тиричилик калдыктарын ташуучу атайын техника (мусоровоз) сатып алуу долбоору жактырылсын.

  1. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында 4 800 000 (төрт миллион сегиз жүз миң) сом каражаты Нарын райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.

  1. Долбоордун өздүк салымы 40 000 (кырк миң) сом өлчөмүндө акча каражаты белгиленип, “Ак-Бел” муниципалдык ишканасы тарабынан каржылансын.

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                    Б. Шералиев

 

Жооп калтыруу