Дөбөлү айыл аймагынын “Салкын-Төр” эс алуу жайындагы тоо кыркасына “Альфа Телеком” ЖАКнун антенасын коюуга макулдук берүү жөнүндө

18-май  2026-жыл                                                                                                                                             Дөбөлү  айылы

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХIХ-чакырылышынын кезексиз   24-сессиясынын

№24/4  Токтому

Дөбөлү айыл аймагынын “Салкын-Төр” эс алуу жайындагы тоо кыркасына “Альфа Телеком” ЖАКнун антенасын коюуга макулдук берүү  жөнүндө

 

Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” муниципалдык ишканасынын кайрылуусунун негизинде инфратүзүмдүк деңгээлин жогорулатуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү жакшыртуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын “Салкын-Төр” эс алуу жайындагы тоо кыркасынан (сайт № 39944) жер тилкесинин жалпы аянты 16 (он алты) м2 болгон орунду “Альфа Телеком” ЖАКнун антенасын коюуга ижарага убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин.

  1. “Альфа Телеком” ЖАКнун антенасын коюу боюнча жер тилкесин ижарага убактылуу пайдаланууга берүүгө келишим түзүп иш алып баруу жагы Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н. Шеримбаевге милдеттендирилсин.

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                               Б. Шералиев

Жооп калтыруу