14-июль 2026-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезектеги 26-сессиясынын
№26/3 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2027–2028–2029-жылдарга карата бюджетинин жана атайын каражаттарынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун жактыруу жөнүндө
Дөбөлү айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А.Абдыкадыровдун 2027–2028–2029-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин жана атайын каражаттардын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоору жөнүндө баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарын жетекчиликке алып, Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХХIХ-чакырылышынын кезектеги 26-сессиясы токтом кылат:
- Дөбөлү айыл өкмөтүнүн 2027–2028–2029-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин жана атайын каражаттарынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоору жактырылсын.
- Дөбөлү айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү төмөнкү өлчөмдө бекитилсин:
- 2027-жылга – 49 430,2 миң сом;
- 2028-жылга – 54 704,2 миң сом;
- 2029-жылга – 55 271,2 миң сом.
Анын ичинде:
| № | Киреше булактары | 2027-ж.
Сумма (миң сом) |
2028-ж.
Сумма (миң сом) |
2029-ж.
Сумма (миң сом) |
| 1 | Жергиликтүү кирешелер | 32773,6 | 38073,4 | 43112,7 |
| 2 | Теңдештирилүүчү грант | 13374,0 | 13348,2 | 8875,9 |
| 3 | Атайын каражат | 3282,6 | 3282,6 | 3282,6 |
| Жалпы баары: | 49430,2 | 54704,2 | 55271,2 | |
| Мунун ичинен жергиликтүү кирешелер: | ||||
| 1 | Киреше салыгы | 27720,4 | 32830,3 | 37691,9 |
| 2 | Ыктыярдуу патент негизиндеги салык | 522,1 | 615,9 | 707,1 |
| 3 | Соода жүргүзүүгө патент | 487,1 | 583,2 | 669,7 |
| 4 | Кыймылсыз мүлк I-группа | 69,0 | 69,0 | 69,0 |
| 5 | Кыймылсыз мүлк II-группа | 128,5 | 128,5 | 128,5 |
| 4 | Огород салыгы | 165,5 | 165,5 | 165,5 |
| 5 | Айыл чарба багытындагы эмес жерге салык | 880,1 | 880,1 | 880,1 |
| 6 | Лицензия ( недр) | 58,0 | 58,0 | 58,0 |
| 7 | Калктуу пункттарда жерди ижарага алуу акысы | 84,0 | 84,0 | 84,0 |
| 8 | Жайыттан түшүүчү киреше | 2124,2 | 2124,2 | 2124,2 |
| 9 | АЧЖМФ жерлерге | 515,5 | 515,5 | 515,5 |
| 19,2 | 19,2 | 19,2 | ||
| Баары: | 32773,6 | 38073,4 | 43112,7 |
- Дөбөлү айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү төмөнкү өлчөмдө бекитилсин:
- 2027-жылга – 49 430,2 миң сом;
- 2028-жылга – 54 704,2 миң сом;
- 2029-жылга – 55 271,2 миң сом.
Чыгашалар төмөнкүдөй бөлүштүрүлсүн:
| № | Мазмуну | 2027-ж.
Сумма (миң сом) |
2028-ж.
Сумма (миң сом) |
2029-ж.
Сумма (миң сом) |
| 1 | Башкаруу аппараты | 26 267,1 | 27372,1 | 27481,1 |
| 2 | Маданият бөлүмү | 10780,3 | 11625,3 | 11670,3 |
| 3 | Белим берүү тармагы | 6976,0 | 10300,0 | 10713, |
| 4 | Жайыт | 2124,2 | 2124,2 | 2124,2 |
| Суммасы | 46147,6 | 51421,6 | 51988,6 | |
| 1 | Атайын каражат | 3282,6 | 3282,6 | 3282,6 |
| Жалпысы | 49 430,2 | 54 704,2 | 55271,2 |
- Дөбөлү айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышын камсыз кылуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн салык жыйымдары боюнча адиси Н. Өмүрзаковага жана «Ак-Бел» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н. Шеримбаевге жүктөлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А. Абдыкадыровго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага Б.Шералиев

