18-май 2026-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 24-сессиясынын
№24/3 Токтому
Долбоордук өтүнмөнү бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын инфратүзүмдүк деңгээлин жогорулатуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү жакшыртуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү жалпы сметалык наркы 4 840 000 (төрт миллион сегиз жүз кырк миң) сомду түзгөн “Дөбөлү айыл аймагына “Шахман” үлгүсүндөгү катуу тиричилик калдыктарын ташуучу атайын техника (мусоровоз) сатып алуу долбоору жактырылсын.
- Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында 4 800 000 (төрт миллион сегиз жүз миң) сом каражаты Нарын райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
- Долбоордун өздүк салымы 40 000 (кырк миң) сом өлчөмүндө акча каражаты белгиленип, “Ак-Бел” муниципалдык ишканасы тарабынан каржылансын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев

