Долбоордук өтүнмөнү бекитүү жөнүндө

18-май  2026-жыл                                                                                                                                     Дөбөлү  айылы

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХIХ-чакырылышынын кезексиз   24-сессиясынын

№24/2  Токтому

Долбоордук өтүнмөнү бекитүү  жөнүндө

 

Дөбөлү айыл аймагынын инфратүзүмдүк деңгээлин жогорулатуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү жакшыртуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү жалпы сметалык наркы 406 030 (төрт жүз алты миң отуз) сомду түзгөн “Дөбөлү айыл аймагынын Орук-Там айылындагы А. Алсеитов жалпы билим берүү мектебине “Жашыл бурч” уюштуруу долбоору жактырылсын.

  1. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында 388 550 (үч жүз сексен сегиз миң беш жүз элүү) сом каражаты Нарын райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.

  1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджеттинен 17 485 (он жети миң төрт жүз сексен беш) сом акча каражаты каралсын.

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                            Б. Шералиев

Жооп калтыруу