2026-жылга бекитилген бюджеттин сметаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

24-август  2026-жыл                                                                                                                    Дөбөлү  айылы

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

ХХIХ-чакырылышынын кезектүү 27-сессиясынын

    №27/6 Токтому

 

 

2026-жылга бекитилген бюджеттин сметаларына

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

            Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бекитилген бюджетинин чыгаша бөлүгүндөгү каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу, ошондой эле бюджеттик сметалардын ортосунда каражаттарды кайра бөлүштүрүү максатында, Дөбөлү айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Дөбөлү айылдык кеңешинин 2026-жылдын 30-январындагы №20/3 токтому менен 2026-жылдын башына калган калдык каражаттардын эсебинен маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүгө каралган 150,0 миң сомдун 80,0 миң сому, ошондой эле Дөбөлү айылдык кеңешинин 2026-жылдын 30-январындагы №20/2 токтому менен 2026-жылга бекитилген бюджетте башкаруу аппаратынын сапар чыгымдарына каралган 100,0 миң сомдун 40,0 миң сому маданият кызматкерлеринин сапар чыгымдарын каржылоого төмөндөгү таблицага ылайык кайра бөлүштүрүлсүн.
Бөлүм Аталышы Берене Өзгөртүүнүн түрү Суммасы, миң сом
1 70111 Башкаруу аппараты 2211 азайтуу –40,0
2 70823 Клуб 2215 азайтуу –80,0
3 70822 Музей 2211 көбөйтүү +30,0
4 70823 Клуб 2211 көбөйтүү +90,0
  Жыйынтыгы 0,0
  1. Жогоруда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр бюджеттин жалпы көлөмүн өзгөртпөстөн, чыгашалардын тиешелүү беренелеринин ортосунда кайра бөлүштүрүү жолу менен жүргүзүлсүн.
  2. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго бюджеттик сметаларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жана бекитилген каражаттардын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу милдеттендирилсин.
  3. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн социалдык экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А. Абдыкадыровго тиешелүү бюджеттик документтерге жана сметаларга ушул токтомго ылайык өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                            Б.Шералиев

 

Жооп калтыруу