24-август 2026-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезектүү 27-сессиясынын
№27/6 Токтому
2026-жылга бекитилген бюджеттин сметаларына
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бекитилген бюджетинин чыгаша бөлүгүндөгү каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу, ошондой эле бюджеттик сметалардын ортосунда каражаттарды кайра бөлүштүрүү максатында, Дөбөлү айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дөбөлү айылдык кеңешинин 2026-жылдын 30-январындагы №20/3 токтому менен 2026-жылдын башына калган калдык каражаттардын эсебинен маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүгө каралган 150,0 миң сомдун 80,0 миң сому, ошондой эле Дөбөлү айылдык кеңешинин 2026-жылдын 30-январындагы №20/2 токтому менен 2026-жылга бекитилген бюджетте башкаруу аппаратынын сапар чыгымдарына каралган 100,0 миң сомдун 40,0 миң сому маданият кызматкерлеринин сапар чыгымдарын каржылоого төмөндөгү таблицага ылайык кайра бөлүштүрүлсүн.
| № | Бөлүм | Аталышы | Берене | Өзгөртүүнүн түрү | Суммасы, миң сом |
| 1 | 70111 | Башкаруу аппараты | 2211 | азайтуу | –40,0 |
| 2 | 70823 | Клуб | 2215 | азайтуу | –80,0 |
| 3 | 70822 | Музей | 2211 | көбөйтүү | +30,0 |
| 4 | 70823 | Клуб | 2211 | көбөйтүү | +90,0 |
| Жыйынтыгы | 0,0 |
- Жогоруда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр бюджеттин жалпы көлөмүн өзгөртпөстөн, чыгашалардын тиешелүү беренелеринин ортосунда кайра бөлүштүрүү жолу менен жүргүзүлсүн.
- Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго бюджеттик сметаларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жана бекитилген каражаттардын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу милдеттендирилсин.
- Дөбөлү айыл өкмөтүнүн социалдык экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А. Абдыкадыровго тиешелүү бюджеттик документтерге жана сметаларга ушул токтомго ылайык өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылсын.
Төрага Б.Шералиев

