16-июнь 2026-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясынын
№25/2 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын “Чалкак” жайлоосунун “Кургак-Айрык” участкасындагы жайыт жерине раскол курууга макулдук берүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын Таш-Башат айылынын тургундарынын демилгесинин негизинде, айыл башчысынын кайрылуусун карап чыгып, жайыттарды натыйжалуу пайдалануу, малды иргөө, ветеринардык жана зоотехникалык иш-чараларды жүргүзүүгө шарт түзүү максатында, Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын “Чалкак” жайлоосунун “Кургак-Айрык” участкасындагы жалпы аянты 0,02 га (2 сотых) жайыт жерине раскол курууга макулдук берилсин.
- Раскол жалпы пайдалануудагы объект катары жайыт пайдалануучулардын кызыкчылыгында колдонулсун.
- Курулуш иштерин жүргүзүүдө жерди пайдалануу, экологиялык, санитардык жана өрт коопсуздугу боюнча талаптар сакталсын.
- Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” муниципалдык ишканасына жана Таш-Башат айылынын айыл башчысы Б. Асаналиевге тиешелүү документтерди мыйзам талаптарына ылайык тариздөө жагы милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев

