17-апрель 2026-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
ХХIX-чакырылышынын кезектүү 22-сессиясынын
№22/2 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын 2026-жылдагы жазгы талаачылык жумуштарын өз убагында бүткөрүү жана элге кызмат көрсөткөн тракторист жана малчылардын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренеси, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамына ылайык жана Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш, Алыш, Дөбөлү, Кайыңды, Таш-Башат, Эки-Нарын, Тамды-Суу айылдарынын жашоочуларынын чогулушунун протоколдорунун негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш айылынын 10.04.2026-жылдагы №5, Алыш айылынын 15.04.2026-жылдагы №8, Дөбөлү айылынын 13.04.2026-жылдагы №6, Кайыңды айылынын 13.04.2026-жылдагы №9, Таш-Башат айылынын 14.04.2026-жылдагы №7, Эки-Нарын айылынын 14.04.2026-жылдагы № жана Тамды-Суу айылынын 06.04.2026-жылдагы №10 протоколдору жактырылсын.
- Жазгы айдап себүү, оруп жыюу мезгилинде механизаторлор тарабынан кызмат көрсөткөндүгү үчүн төлөнүүчү тарифтер төмөндөгү өлчөмдө бекитилсин.
Эки-Нарын, Таш-Башат, Кайыңды айылдарына
- Дың жерди айдоо 1 га жерге 2500 сом 30 литр солярка майы;
- Айдалган жерди айдоо 1 га жерге 2000 сом 25 литр солярка майы;
- Тырмоого 1 га жерге 1000 сом 10 литр солярка майы;
- Сеялка менен себүү 1 га жерге 1300 сом 10 литр солярка майы;
- шакап тартуу үчүн 350 сом 3 литр солярка майы;
- чөп чабуу жатка менен 1800 сом 10 солярка майы;
- чөп чабуу косилка менен 1500 сом 10 солярка майы.
Дөбөлү айылына
- Дың жерди айдоо 1 га жерге 2500 сом 30 литр солярка майы;
- Айдалган жерди айдоо 1 га жерге 2000 сом 25 литр солярка майы;
- Тырмоого 1 га жерге 1000 сом 10 литр солярка майы;
- Сеялка менен себүү 1 га жерге 1000 сом 10 литр солярка майы;
- чөп чабуу косилка менен 1500 сом 10 солярка майы.
- чөп чабуу жатка менен 1800 сом 10 солярка майы;
- шакап тартуу үчүн 350 сом 3 литр солярка майы;
Алыш айылына

Кеңеш айылына

- Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш, Алыш, Дөбөлү, Кайыңды, Таш-Башат, Эки-Нарын, Тамды-Суу айылдарында жашаган калктын менчик малдарын баккан малчыларга мал ээлери тарабынан төлөнүүчү эмгек акыларынын тарифтери төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
- Кой, эчки баккандарга 1 айга башына 100 сом;
- Бодо мал баккандарга 1 айга башына 400 сом;
- Бука баккандарга 1 айга башына 500 сом;
- Кочкор текеге баккандарга 1 айга башына 300 сом;
- Эгерде мал жандыктардан ооруса ээсин чакырганда барбай коюуп өлүп калса төлөнбөйт;
- Малчылар дайынсыз жоготуп, эн тамгасын көрсөтө албаса жашына-жаш базар баасында милдеттүү төлөп берүү;
- Карышкыр жеп, эн белгисин көрсөтө албаса төлөп берет, эгер эн белгисин көрсөтө алса төлөбөйт.
- Мал баккан малчыларга ортоңку жана алыскы жайыттарга барып малдарды багып келүү үчүн жайыттарды чектеп бекитип берүү жагы “Ак-Бел” МИ на тапшырылсын.
- Малчылар жазында жана күзүндө жайлоочу жайлоосуна өз убагында көчүп кетип, күзүндө белгиленген мөөнөттө көчүп келүүсүн көзөмөлгө алуу жагы “Ак-Бел” МИ жетекчиси Н. Шеримбаевге, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн айыл чарба адиси Ж. Уланбек уулуна жана айыл башчылар С. Молдобаев, М. Нуркалиев, А. Осмонов, Б. Асаналиев, М. Байзаков, Э. Орозоевге милдеттендирилсин.
- Жайыт башкаруу планын аткарбаган малчыларга КР административдик укук бузуулар боюнча иш алып баруу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн юристти Ж. Кермакуновго жана айыл башчыларга тапшырылсын.
- Жайлоого чыга турган мал жандыктардын эмделишине көзөмөл жүргүзүү жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнун вет адиси Ж. Бакытбек уулуна милдеттендирилсин.
- Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын негизинде, мал жаюу үчүн пайдалануу укугун бере турган жайыт белетин алууда белгиленсин жана Дөбөлү айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт акыга төлөнүүчү тарифтер төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
- Майда жандык 1 башка 20 сом;
- Бодо малга 1 башка 100 сом.
- Нарын шаарынан жана бөлөк айыл аймактан келген мал жандыктар үчүн жайыт акы кой эчкиге 40 сом, бодо малга 200 сом болуп белгиленсин.
- Корукту баштоо боюнча жооптуу адамдар дайындалып, аба ырыйын эске алуу менен Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш, Алыш, Дөбөлү айылдарында 20-апрелинен, Кайыңды, Таш-Башат айылдары 25-апрелинен ал эми алыскы Эки-Нарын жана Тамды-Суу айылдарында 1-майдан баштап 1-октябрына чейин ар бир айылдарда өткөрүлгөн элдик жыйындын чечимин эске алуу менен корук деп белгиленсин.
- 2022-жылдын 26-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №713 токтому менен жогоруда көрсөтүлгөн ар бир тармак боюнча иш алып баруу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн айыл чарба адиси Ж. Уланбек уулуна жана “Ак-Бел” МИ жетекчиси Н. Шеримбаевге тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Төрага Б. Шералиев