Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” муниципалдык ишканасынын тарифтерин бекитүү жөнүндөгү №22 /3 токтому

17-апрель  2026-жыл                                                                                                      Дөбөлү  айылы

 

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

ХХIХ-чакырылышынын кезектүү 22-сессиясынын

№22/3 Токтому

 

Дөбөлү  айыл   аймагынын “Ак-Бел” муниципалдык ишканасынын тарифтерин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” муниципалдык ишканасынын 2026-жылдын 15-апрелиндеги №10 кайрылуу катынын негизинде Дөбөлү  айыл  аймагынын  айылдык  Кеңешинин депутаттарынын  сессиясы токтом кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Дөбөлү айыл аймагынын Ак-Бел муниципалдык ишканасынын тарифтери төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын туристик багыттагы жана чабынды жерлеринин келишимдердин мөөнөттөрү бир жылга узартылып берилсин.

 

  1. Элдин малын бакпай жеке жайлоого чыккандарга отурган жеринин аренда акысынын баасы 1000 сом деп белгиленсин.

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын айылдарынан чыккан үй-тиричилик таштандыларынын чыгаруу акысы айына 200 сом деп бекитилсин.

(таштанды чыгаруу 1 айда 2 жолу айылдарды кыдыруу менен иш алып барылат кыш мезгилинде 4 ай декабрь, январь, февраль, март 1 жолудан чыгарылат)

 

  1. “Ой-Кайыңды” участкасындагы берилген туристик багыттагы жер аянты элдин кызыкчылыгын эске алуу менен ишкерлер менен түзүлгөн келишимдер токтотулсун.

 

  1. Дөбөлү айыл аймагы боюнча чабынды жерлердин аренда акысы баарына бирдей 1 гектарга 1500 сомдон деп калтырылсын.

 

  1. Эки-Нарын айылындагы чабынды жерлердин келишими 1 жылга узартылып берилсин.

 

  1. Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Дөбөлү  айыл  аймагынын  айыл  өкмөтүнүн  башчысы  К.Кудайбергеновго  милдеттендирилсин.

   

Төрага                                                                                                                                                                       Б.Шералиев

Жооп калтыруу