Окуучуларды ташуучу микроавтобусту Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жөнүндө

 

24-август  2026-жыл                                                                                                                        Дөбөлү  айылы

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

ХХIХ-чакырылышынын кезектүү   27-сессиясынын

№27/8 Токтому

 

                    Окуучуларды ташуучу микроавтобусту  Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансына                     кабыл алуу жөнүндө 

 

Дөбөлү айыл аймагынын Алыш жалпы билим берүү мектебинин окуучуларын ташууга микроавтобусту Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын Алыш жалпы билим берүү мектебинин окуучуларын ташууга Мерседес-Бенц 208 маркасындагы микроавтобусу Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алууга макулдук берилсин.

 

  1. Mercedes-Benz 208 маркасындагы микроавтобустун жеке номери (VIN) WDB6013671P298292, чыгарылган жылы 1993-жыл, кузовдун номери WDB6013671P298292,  түсү ак (белый).   

 

  1. Mercedes-Benz 208 маркасындагы микроавтобусту баланска кабыл алуу, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана тиешелүү бухгалтердик эсепке алуу иштерин камсыз кылуу  жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы   А. Абдыкадыровго милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                           Б. Шералиев

 

Жооп калтыруу