24-август 2026-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезектүү 27-сессиясынын
№27/7 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын Эки-Нарын айылындагы ФАПтын жылытуу системасы жөнүндө
Эки-Нарын айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, медициналык кызматкерлер жана калк үчүн тийиштүү шарттарды түзүү, күз-кыш мезгилинде имаратты талаптагыдай жылытуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын тиешелүү беренелерине ылайык, Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын Эки-Нарын айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) имаратына жылытуу системасын орнотууга макулдук берилсин.
- Жылытуу системасын орнотуу боюнча тиешелүү иштерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруу жана жүргүзүү Дөбөлү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
- Жылытуу системасын орнотуу иштеринде коопсуздук талаптары, техникалык ченемдер жана санитардык нормалар толук сакталсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев

