Долбоордук өтүнмөнү бекитүү жөнүндө

14-июль  2026-жыл                                                                                                                      Дөбөлү  айылы

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

ХХIХ-чакырылышынын кезектүү   26-сессиясынын

№26/7  Токтому

 

Долбоордук өтүнмөнү бекитүү  жөнүндө

 

               Дөбөлү айыл аймагынын инфратүзүмдүк деңгээлин жогорулатуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү жакшыртуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш айылындагы “Аруу-Тилек” балдар бакчасына жалпы сметалык наркы 5 573 667 (беш миллион беш жүз жетимиш үч  миң алты жүз алтымыш жети) сомду түзгөн Дөбөлү айыл аймагынын “Кеңеш айылындагы “Аруу-Тилек” балдар бакчасына  күн энергиясы системасын жана аба-жылуулук насосторун орнотуу” долбоору жактырылсын.

 

  1. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында 3 573 677 (үч миллион беш жүз жетимиш үч миң алты жүз алтымыш жети) сом каражаты Нарын райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджеттинен 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражаты каралсын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                                    Б. Шералиев

Жооп калтыруу