Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXIX-чакырылышынын кезексиз 16-сессиясынын Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылындагы эски мечиттин имаратын башка багытта пайдаланууга макулдук берүү жөнүндөгү №16/7 токтому

13-ноябрь  2025-жыл                                                                                                                         Дөбөлү  айылы

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХIХ-чакырылышынын кезексиз   16-сессиясынын

№16/7 Токтому

Дөбөлү  айыл   аймагынын Алыш айылындагы эски мечиттин имаратын башка багытта пайдаланууга макулдук берүү  жөнүндө

 

2025-жылдын 13-ноябрындагы Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылынын айыл башчысы М. Нуркалиевдин кайрылуу катынын негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылына 2024-2025-жылдары демөөрчүлөр (арабтар) тарабынан жаңы мечиттин салынуусуна байланыштуу, Ч. Алымбаев көчөсүндөгү эски мечит имараты намаз окуу жана диний иш-чаралар үчүн мурдагыдай зарыл болбой калгандыгы эске алынып, Алыш айылындагы эски мечит имаратын башка багытта пайдаланууга  макулдук  берилсин.

 

  1. Имаратты төмөнкү багыттардын биринде же бир нечесинде пайдалануу сунушталсын (айылдын муктаждыгына жараша).

 

  • Коомдук жай/ жамааттык жыйындар өтүүчү орун;
  • Айылдык китепкана же маданий борбор;
  • Жаштар жана балдар үчүн ийримдер, окуу борбору;
  • Айылдык социалдык тейлөө бөлмөсү;
  • Жамааттык жана жеке ишмердүүлүккө.

 

  1. Тиешелүү документтери менен иш алып баруу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жер адиси С. Сапарбек уулуна жана Алыш айылынын айыл башчысы М. Нуркалиевге милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                            Б. Шералиев

Жооп калтыруу