Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 12-сессиясынын №12/4 Токтому Дөбөлү айыл аймагынын Тамды-Суу айылына тракторду баардык шаймандары менен алуу долбоорун кароо жөнүндө

1-август  2025-жыл                                                                                                                                            Дөбөлү  айылы

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХIХ-чакырылышынын кезексиз   12-сессиясынын

№12/4 Токтому

Дөбөлү  айыл   аймагынын Тамды-Суу айылына  тракторду баардык шаймандары менен  алуу  долбоорун кароо жөнүндө

 

Дөбөлү айыл аймагынын Тамды-Суу айылынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, айыл тургундарына айыл чарба кызматтарын көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана айыл чарбасындагы өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу максатында  Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын Тамды-Суу айылынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, айыл тургундарына айыл чарба кызматтарын көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана айыл чарбасындагы өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын Тамды-Суу айылына тракторду баардык шаймандары менен алуу долбоору жактырылсын.

 

  1. Долбоорду каржылоого Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн өнүктүрүү фондунан  5 513 000 (беш миллион беш жүз он үч миң) сом акча каражаты суралсын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                           Б. Шералиев

Жооп калтыруу