20-август 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 13-сессиясынын
№13/1 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын дан эгиндерин чабуу боюнча комбайндын кызмат көрсөтүү тарифин бекитип берүү жөнүндө
2025-жылдын 20-августунда Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” муниципалдык ишканасынын берген катын карап чыгып жана талкуулап Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” муниципалдык ишканасынын сунушуна ылайык комбайндын тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин.
- Дөбөлү айыл аймагынын дан эгиндерин чабуу боюнча комбайндын кызмат көрсөтүүсү 1 гектарга 20 литр солярка 2000 (эки миң) сом, же 3500 (үч )сом соляркасы ичнде.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төраганын орун басары Б. Сүйүналиев