7-февраль 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
ХХIX-чакырылышынын кезектүү 4-сессиясынын
№4/6 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын Таш-Башат айылындагы спорт комплексинин
көмүр отуну жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы “Мамлекеттик органдардын жана жегиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санын жана кызматкерлеринин, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналдын эмгек акысын көбөйтүүгө тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” №247 Жарлыгынын жана Дөбөлү айыл өкмөтүнүн аппараттык жыйынынын протоколунун негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы “Мамлекеттик органдардын жана жегиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санын жана кызматкерлеринин, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналдын эмгек акысын көбөйтүүгө тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” №247 Жарлыгына ылайык Нарын райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебине кошумча штаттык бирдиктери чечилбей калгандыгына байланыштуу күз-кыш айыларына Таш-Башат айылындагы спорт комплексине келип түшкөн 40 (кырк) тонна көмүр отунун айыл аймактын аз камсыз, ДЧМ, жалгыз бой жардамга муктаж жарандарга бөлүнүп берилсин.
- Муктаж жарандарды аныктап, көмүр отунун таратып берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Ч. Назаралиевага милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев