14-июль 2026-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезектүү 26-сессиясынын
№26/4 Токтому
Долбоордук өтүнмөнү бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын инфратүзүмдүк деңгээлин жогорулатуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү жакшыртуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү жалпы сметалык наркы 1 780 000 (бир миллион жети жүз сексен миң) сомду түзгөн “Дөбөлү айыл аймагынын “Кур-Сай, Куу-Дөңгөч, Төө-Жайлоо, Бурган-Суу жана Кайыңды каналдарынын башына суу бөлүштүрүүчү курулмаларды орнотуу үчүн курулуш материалдарын жана технологиялык жабдууларды сатып алуу” долбоору жактырылсын.
- Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында 1 780 000 (бир миллион жети жүз сексен миң) сом каражаты Нарын райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев

