Дөбөлү айыл аймагынын Таш-Башат-Кайыңды, Алыш, Тамды-Суу, Эки-Нарын жана Кеңеш айылдарында “Энелер күнүнө” арналган майрамдык иш-чаралар салтанаттуу түрдө уюштурулуп өткөрүлдү. Майрамдык иш-чараларда энелерге болгон терең урмат-сый көрсөтүлүп, алардын үй-бүлөдөгү жана коомдогу орду өзгөчө даңазаланды. Айыл тургундарынын катышуусунда концерттик программалар тартууланып, ыр-бийлер жаңырып, энелерге арналган жылуу каалоо-тилектер айтылды. Бул иш-чараларды өткөрүүгө айыл башчылар, маданият кызматкерлери жана жергиликтүү кеңештин депутаттары чоң колдоо көрсөтүп, уюштуруу иштерине активдүү катышышты. Ар бир айылда энелерге сый тамак уюштурулуп, майрамдык маанай тартууланды. Ошондой эле майрамдын урматына энелерге белектер тапшырылып, алардын көп жылдык мээнети жана үй-бүлө, коом үчүн кошкон салымы жогору бааланды. Энелерге арналган мындай саамалык айыл тургундарынын ынтымагын бекемдеп, улуу муунга болгон сый-урматты даңазалаган маанилүү маданий иш-чара катары эсте калды.

Жооп калтыруу