17-апрель 2026-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезектүү 22-сессиясынын
№22/5 Токтому
Коопсуз шаар камераларынан максаттуу трансферт катары түшкөн
13050 сом каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Коопсуз шаар камераларынан максаттуу трансферт катары түшкөн 13050 сом каражатын бөлүп берүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
- Коопсуз шаар камераларынан максаттуу трансферт катары түшкөн 13050 сом каражаты Дөбөлү айыл аймагынын территориясында турган коомдук коопсуздуктун алдын алуу максатында коюлган видео көзөмөл камераларынын интернет колдонуу акысына жумшалсын.
- Акча каражатын которуп берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык экономика бөлүмүнүн башчысы А.Абдыкадыровго тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Төрага Б.Шералиев

