Дөбөлү айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндөгү №22/4 токтому

 

17-апрель  2026-жыл                                                                                                           Дөбөлү  айылы

 

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

ХХIХ-чакырылышынын кезектүү 22-сессиясынын

№22/4 Токтому

 

Дөбөлү  айыл   аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык, ошондой эле айыл аймагындагы жергиликтүү жамааттын ишин жөнгө салуу максатында  Дөбөлү айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө  Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  2026-жылдын 16-апрелиндеги №02.2-3/341 катынын негизинде Дөбөлү  айыл  аймагынын  айылдык  Кеңешинин депутаттарынын  сессиясы токтом кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык, “Дөбөлү айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы” алымча кошумчасы менен бекитилсин.

 

  1. Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Дөбөлү  айыл  аймагынын  айыл  өкмөтүнүн  башчысы  К.Кудайбергеновго  милдеттендирилсин.

   

 

Төрага                                                                                                                                                                 Б.Шералиев

Жооп калтыруу