17-апрель 2026-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезектүү 22-сессиясынын
№22/3 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” муниципалдык ишканасынын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” муниципалдык ишканасынын 2026-жылдын 15-апрелиндеги №10 кайрылуу катынын негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Дөбөлү айыл аймагынын Ак-Бел муниципалдык ишканасынын тарифтери төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
- Дөбөлү айыл аймагынын туристик багыттагы жана чабынды жерлеринин келишимдердин мөөнөттөрү бир жылга узартылып берилсин.
- Элдин малын бакпай жеке жайлоого чыккандарга отурган жеринин аренда акысынын баасы 1000 сом деп белгиленсин.
- Дөбөлү айыл аймагынын айылдарынан чыккан үй-тиричилик таштандыларынын чыгаруу акысы айына 200 сом деп бекитилсин.
(таштанды чыгаруу 1 айда 2 жолу айылдарды кыдыруу менен иш алып барылат кыш мезгилинде 4 ай декабрь, январь, февраль, март 1 жолудан чыгарылат)
- “Ой-Кайыңды” участкасындагы берилген туристик багыттагы жер аянты элдин кызыкчылыгын эске алуу менен ишкерлер менен түзүлгөн келишимдер токтотулсун.
- Дөбөлү айыл аймагы боюнча чабынды жерлердин аренда акысы баарына бирдей 1 гектарга 1500 сомдон деп калтырылсын.
- Эки-Нарын айылындагы чабынды жерлердин келишими 1 жылга узартылып берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Төрага Б.Шералиев

