Туу күнү жана 5-март ак калпак күнүнө карата салтанаттуу иш чара Дөбөлү айыл аймагынын бардык мекемелеринин жана Дөбөлү айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери менен биргеликте болуп өттү.

5-Март “Ак калпак күнү”-деп 2011-жылы жарыяланган. Бул күнү Кыргызстандын аймактарында жана чет өлкөдөгү мекендештерибиз тарабынан расмий түрдө белгиленип келет. Бүгүн Дөбөлү айыл өкмөтү тарабынан калпак тууралуу ар кандай иш-чара уюштурулду. Иш-чарага аппарат кызматкерлери, мекеме кызматкерлери, жаштар жана мектеп окуучулары катышып, жөө жүрүш уюштурулду.
Ак калпак – кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү. Ата – бабадан кастарланып келе жаткан асыл мурас. Кыргыз эли – эл болуп түзүлгөндөн бери жашоонун, улуулуктун, тазалыктын, аруулуктун жана тоолордун символу. Улуу күндүн ыйык белгиси катары кастарлап, сүр тутуп, сөөлөт санап, көрк катары кийип жүргөндүгү белгилүү.
Асманда жарык көрсөң жылдыз деп бил
Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил !
Кыргызда “Башыңдан ак калпагың түшпөсүн” деген жакшы тилек бар. Башыныздардан ак калпагыбыз түшпөсүн !!!
Улуттук кийимдерибиз улуттун улуулугун сактап, элибизден ыйман, пейил, ар намыс кетпесин.

Leave a Reply