КООМДУК-САЯСИЙ ИШМЕР АСЕЙИН АРАКЕЕВДИН АЙКЕЛИ ТУРГУЗУЛДУ

       Бугун 5-октябрда көрүнүктүү окумуштуу, коомдук-саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиги Асейин Аракеевдин эстелиги Дөбөлү айыл өкмөтүнүн имаратынын алдына коюлду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары А. Сапаров, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н. Мадимаров, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергенов, Жалал-Абад облусунун “Моңолдор” уруусунун өкүлү Э. Бегишкулов, “Моңолдор” уруусунун президенти У. Эралиев, Баткен облусунун “Нойгут” уруусунун өкүлү А. Парманов, Ош облусунун “Моңолдор” уруусунун өкүлү А. Токтоболотов, Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү И. Айтмакбетов, Кыргыз Кырк уруусунун бириктирилген коомунун төрагасы А. Өмүрзаков, үй-бүлөсү, жакын туугандары жана айыл тургундары катышты.

Leave a Reply