14-февраль Эл аралык китеп белекке беруу күнүнө карата Дөбөлү айылдык Чынгыз Айтматов атындагы китепканасында “Китеп адамды, адам дүйнөнү өзгөртөт” аталышындагы иш-чара болуп өттү. Иш-чарада окурмандар Назарова Гүлгаакы, Муталип уулу Бакытбек, Асылбекова Аманбүбү тарабынан китепканага китептер белекке берилди. Китеп берүү күнүнүн тарыхы, китеп окуунун пайдасы тууралуу айтылып, китеп окууга болгон көз караш, китеп окуу маданияты боюнча талкуу болуп өттү жана катышуучуларга тест сунушталды.”Жаш толкун” комузчулар ансамбли тарабынан Нурак Абдырахмановдун “Алтын балалык” күүсү тартууланып, маданият кызматкерлери тарабынан обондуу ырлар ырдалды. Айыл өкмөт кызматкерлери, маданият кызматкерлери, окурмандар катышышты.

Сайттын рубрикасы
Сайттан издөө
-
Акыркы материалдар
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча план суроо жөнүндө
- Долбоордук өтүнмөнү бекитүү жөнүндө
- Дөбөлү айыл аймагынын “Салкын-Төр” эс алуу жайындагы тоо кыркасына “Альфа Телеком” ЖАКнун антенасын коюуга макулдук берүү жөнүндө
- Дөбөлү айыл аймагынын “Чалкак” жайлоосунун “Кургак-Айрык” участкасындагы жайыт жерине раскол курууга макулдук берүү жөнүндө
- Долбоордук өтүнмөнү бекитүү жөнүндө
Жаңылыктар календары
Пайдалуу шилтемелер
Материалдар архиви
