14-июль 2026-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезектүү 26-сессиясынын
№26/6 Токтому
Жеке менчик жер тилкесинде жайгашкан трансформаторду муниципалдык менчик жер тилкесине көчүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоону жакшыртуу жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дөбөлү айылынын “Жаштык” көчөсүнүн жашоочусу Орозакунов Казыбектин жеке менчик жер тилкесинде (огород) жайгашкан трансформаторду Жылтыров Орозобай Мурадиловичтин үйүнүн маңдайында жайгашкан Дөбөлү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине таандык 50 чарчы метр жер тилкесине трансформаторду көчүрүүгө макулдук берилсин.
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү тиешелүү электр тармактары ишканасы менен биргеликте трансформаторду көчүрүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзсүн.
- Жер тилкесине тиешелүү документтерди мыйзам чегинде тариздөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн айыл чарба адиси Ж. Уланбек уулу жана жер адиси С. Сапарбек уулуна милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев

