Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 токтомунун аткарылышын камсыздоо жөнүндө

14-июль  2026-жыл                                                                                                                                Дөбөлү  айылы

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

ХХIХ-чакырылышынын кезектүү   26-сессиясынын

№26/2  Токтому

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 токтомунун аткарылышын камсыздоо жөнүндө

 

                     Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 токтомунун талаптарын аткарууну камсыз кылуу, жергиликтүү салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү өз убагында чогултууга көмөк көрсөтүү максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 токтомунда каралган төлөмдөрдүн өз убагында төлөнүшүн камсыздоо боюнча түшүндүрүү жана уюштуруу иштерин күчөтүү тапшырылсын.

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан жарандарга ветеринардык жана башка маалымкаттарды берүүдө жарандардын №713 токтомдо каралган төлөмдөр боюнча карызынын бар же жок экендиги жөнүндө маалымдоо жана карыз болгон учурда аны өз ыктыяры менен төлөө сунушталсын.

 

  1. Мыйзамдарга ылайык көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө жарандардын укуктарынын бузулушуна жол берилбесин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                              Б. Шералиев

Жооп калтыруу