4-апрель 2024-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХVIII-чакырылышынын кезектүү 17-сессиясынын
№19/2 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарын айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдө приоритеттүү деп табылган статьяларга бөлүп берүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата калдык акча каражатынын көлөмү 5895,8 сомго бекитилсин.
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата калдык акча каражатынан 1800,3 сомго төмөндөгүдөй муктаждыктарга жумшалсын.
№ | Мазмуну | Сумма |
1 | Көмүр сатып алуу | 1700,3 |
2 | Таш-Башат айылынын мечитине | 100,0 |
Баары | 1800,3 |
- Акча каражатын которуп берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Э. Айсаевага тапшырылсын.
- Ушул токтомду Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн dobolu.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жагы Дөбөлү айылдык кеңешинин жоопту катчысы Т. Асанкожоевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Төрага К. Субанбеков