17-апрель 2026-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезектүү 22-сессиясынын
№22/1 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарын айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдө приоритеттүү деп табылган беренелерге бөлүп берүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата калдык акча каражатынан 792,3 миң сом каражаты төмөндөгүдөй муктаждыктарга жумшалсын.
| № | Мазмуну | Сумма (миң сом) |
| 1 | Нарын райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын кызмат акысы үчүн карызды төлөөгө | 344,1 |
| 2 | “КР МК караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Нарын филиалынын” кызмат акысы карызды төлөөгө | 117,2 |
| 3 | 56 га жерди Археологиялык изилдөөгө | 156,0 |
| 4 | 56 га жердин топурактын агрохимиялык изилдөөгө | 28,0 |
| 5 | К.Абиров мектебинин отказанынын морун алмаштырууга | 107,0 |
| 6 | М.Кенжакунов мектебинин отказанынын морун алмаштырууга | 10,0 |
| 7 | Кеңеш айылдык клубунун айланасын тосууга | 30,0 |
| Баары: | 792,3 | |
- Акча каражатын которуп берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык экономика бөлүмүнүн башчысы А.Абдыкадыровго тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Төрага Б.Шералиев

