Бүгүн Дөбөлү айыл өкмөтүндө Ак калпак күнү белгиленип, улуттук баалуулуктарды даңазалаган иш-чара өттү. Айыл өкмөт башчысы Кудайбергенов Камчыбек Кадыркулович баш болуп, аппарат кызматкерлери жана аймактагы мекеме-уюмдардын өкүлдөрү ак калпак кийип жөө жүрүшкө чыгышты. Иш-чаранын жүрүшүндө ак калпактын тарыхы, мааниси жана кыргыз эли үчүн ыйык символ экени тууралуу маалыматтар айтылып, улуттук салт-санааларды урматтоо жана жаш муунга жеткирүү максаты белгиленди.

Жооп калтыруу