КООМДУК-САЯСИЙ ИШМЕР АСЕЙИН АРАКЕЕВДИН АЙКЕЛИ ТУРГУЗУЛДУ

       Бугун 5-октябрда көрүнүктүү окумуштуу, коомдук-саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиги Асейин Аракеевдин эстелиги Дөбөлү айыл өкмөтүнүн имаратынын алдына коюлду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары А. Сапаров, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н. Мадимаров, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергенов,…

Толук окуу…

НООРУЗ

НООРУЗ – ЖАЗДЫН ЖАНА КАЙРА ЖАРАЛУУНУН МАЙРАМЫ Урматтуу Дөбөлү айыл аймагынын тургундары! Баарыңыздарды жандануу менен жаңылануунун, аруулануу менен тазаруунун, кечиримдүүлүк менен сабырдуулуктун майрамы – Нооруз майрамы менен куттуктайбыз! 21-мартта күн менен түн теңелип, жыл тогошконун баамдап, Жаратканга, Тирүүлүккө Жашоого таазим эткен күн. Ушул касиеттүү майрамда баарыңыздарга жаз айындай жаркын маанай,…

Толук окуу…

Кудайбергенов Камчыбек Кадыркуловичтин Дөбөлү айыл аймагы боюнча иш сапары

Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Кудайбергенов Камчыбек Кадыркулович эл менен жолугуп жыйын өткөрдү. Дөбөлү аймагындагы ар бир айылга жеринен барып эл менен жолугуп таанышып, кабар алды. Жолугушуунун башкы максаты: элдин көйгөйлүү маселелерин аныктап, жаздын келиши менен элге кызмат кылган механизаторлордун жана мал багуучулардын тарифтерин эл менен бирдикте бекитти. Жана…

Толук окуу…

Туу күнү жана 5-март ак калпак күнүнө карата салтанаттуу иш чара Дөбөлү айыл аймагынын бардык мекемелеринин жана Дөбөлү айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери менен биргеликте болуп өттү.

5-Март “Ак калпак күнү”-деп 2011-жылы жарыяланган. Бул күнү Кыргызстандын аймактарында жана чет өлкөдөгү мекендештерибиз тарабынан расмий түрдө белгиленип келет. Бүгүн Дөбөлү айыл өкмөтү тарабынан калпак тууралуу ар кандай иш-чара уюштурулду. Иш-чарага аппарат кызматкерлери, мекеме кызматкерлери, жаштар жана мектеп окуучулары катышып, жөө жүрүш уюштурулду. Ак калпак – кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн…

Толук окуу…

ТЕНДЕР ИРРИГАЦИЯ

Дөбөлү айыл аймагы боюнча ирригация маселесин чечүү максатында  Кеңеш, Алыш, Дөбөлү, Кайыңды, Таш-Башат, Эки-Нарын, Тамды-Суу айылдарынын каналдарын тазалоо  боюнча Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы Өнүктүрүү Фондуна жактырылып 240315432621205 номерлүү тендер жарыяланды.

Толук окуу…