20-август 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 13-сессиясынын
№13/3 Токтому
Эки-Нарын айылынын “Куюш” участкасындагы көпүрөгө Асанбеков Азамат Төлөбековичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө
2025-жылдын 13-августунда Дөбөлү айыл аймагынын Эки-Нарын айылынын “Куюш” участкасындагы көпүрө оор жүк ташуучу техника өтүп бара жаткан мезгилде көпүрөнүн тарттырып коюлган тростору үзүлүп, Нарын дарыясына түшүп кетип, айдоочу Асанбеков Азамат Төлөбекович каза болгондугуна байланыштуу, маркумдун эмгегин эскерүү жана ысымын түбөлүктөштүрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын Эки-Нарын айылынын “Куюш” участкасындагы көпүрөгө маркум Асанбеков Азамат Төлөбековичтин ысымы ыйгарылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төраганын орун
басары Б. Сүйүналиев